Апрель айында Кыргызстанга акча которуулар 66,4% өстү

Улуттук банк быйыл апрель айында мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасы 255,2 миллион долларды түзгөнүн билдирди.

Бул бир ай мурункуга салыштырмалуу 66,4% көп. Которуулардын өсүшү алардын Россиядан 73,6% (242,3 млн. доллар) көбөйүшү менен шартталган. Бул быйыл жөнөтүлгөн эң чоң сумма.

Кошумчалай кетсек, жыл башынан бери мигранттар мекенине 773,12 миллион доллар которгон.

Добавить комментарий