Алтын 1,13% арзандады

Улуттук банк бир сутка ичинде алтындын унций баасы 1,13% арзандаганын билдирди.

19-апрелге карата Кыргызстандын Улуттук банкы тарабынан аффинаждалган алтын куймаларынын унцийин кайра сатып алуу баасы 163 622 сом деп белгиленди. Мындай маалыматтар жөнгө салуучу органдын сайтында берилген.

Бир күн мурун кайра сатып алуу 165 миң 490 сомду түзгөн. Ошентип, унция 1868 сомго, же 23,2 долларга арзандады

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймасынын унциясын 198 миң 548 сомго сатып алуу мүмкүн. Унциянын сатуу баасы 30-марттан бери өзгөргөн жок.

Добавить комментарий