«Коопсуз шаар» долбоору боюнча айып пулдарды айдоочуларга жеткирүүдө тоскоолдуктар болууда. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын (ЖКККББ) Мониторинг борборунун жетекчиси Гүлмира Баратова айтты.
«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы менен бизде маселе жаралууда. Алардын кызматкерлери туруктуу иштебей, иштен улам бошоп кетип калып жатат. Дагы бир көйгөй — почта кызматкери жол эрежесин бузган кишиге документти алып келгенде үйдө болбой калган учурлар арбын. Мыйзам боюнча почтальон үч ирет барышы керек», — деди ал.
Баратова эрежени бузгандыгы үчүн айдоочунун айыпты төлөө мөөнөтү кагазды колуна алган күндөн тарта башталарын кошумчалады.Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев камерага түшүп калган маалыматтарды өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк дээрлик жоктугун айтты.
Анын айтымында, мамлекеттик башка органдар «Коопсуз шаардын» ишине өзгөртүү киргизе албайт.