Адис коронавирус акылга кандай таасир этерин айтып берди

COVID-19 пациенттердин жашына карабастан, интеллекттин төмөндөшүнө жана когнитивдик кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн.

Бул тууралуу Новосибирск шаарындагы No3 психиатриялык оорукананын башкы дарыгери Яна Мохначева билдирди.

Адистин айтымында, COVID-19 оорусунан айыккан адамдар көбүнчө когнитивдик бузууларды — эс тутумдун жана интеллектуалдык функциялардын төмөндөшүн сезишет. Калыбына келтирүү өтө жай — 4-8 айдын ичинде же андан көп.

Инфекция оору учурунда жана клиникалык айыккандан кийин психикалык ден-соолукка таасир этет. Көптөгөн улгайган адамдар ооруга чалдыккандан кийин алсыз жана акыл-эси кем болуп калышат.

Когнитивдик кыйынчылыктар жаштарда дагы болот. Коронавирусту жуктургандар ар кандай түрдөгү тынчсыздануу, дүрбөлөң, стресстен, невроздордон жана фобиялардан жабыркап, бир пайызга жетпеген учурларда психоз менен жабыркашат.

Добавить комментарий