2022-жылдын январында 10,3 млрд сом салык чогултулду

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын биринчи айында 10 миллиард 326,2 миллион сом салык жана бюджетке төлөмдөрдү чогултканын билдирди. Алсак, белгиленген план 106,4% аткарылды, же 620,1 млн сомго ашыкча аткарылды.

Маалым болгондой, 2021-жылдын январь айына салыштырмалуу салыктар 3 млрд 770,2 млн сомго көп чогултулуп, же өсүү темпи 157,5% түздү.

Кошумчалай кетсек, бир күн мурун министрлер кабинети бюджетти толуктоо боюнча маалымат таратып, анда 30-январга карата МСК республикалык бюджетке 8 миллиард 574 миллион сом салык чогултканы айтылган.

Добавить комментарий