КР Улуттук банкы үстүбүздөгү жылдын январь жана февраль айлары үчүн жеке адамдардын чет өлкөдөн өлкөгө акча которууларынын көлөмү тууралуу маалымат берди.
Кыргызстанга 364,7 миллион доллар которулганын Улуттук банк билдирди. Бул акча которуу системалары аркылуу алынган жеке адамдардын каражаттары боюнча маалыматтар.
Басымдуу бөлүгү же 354 миллион доллары Россиядан которулган.
2005-жылдан бери ар бир жылдын январь-февраль айларынын маалыматтарын салыштырсак, анда азыркы көрсөткүч рекорддук көрсөткүчкө жетет. Тактап айтканда, өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн 36,1 млн сомго көп.
Алгачкы эки айдын маалыматтары (акча каражаттарынын түшүүсү 300 миллион доллардан ашкан жылдар көрсөтүлгөн):
2021 — 328,6 млн;
2020 — 313,6 млн.;
2019-ж. – 344,5 млн.;
2018 — 310 млн.
Февраль айынын гана маалыматын ала турган болсок, быйыл бул көрсөткүч да рекорддук көрсөткүч – 187,6 миллион доллар.
Төмөндө жылдын экинчи айынын маалыматтары (170 миллион доллардан ашык түшкөн):
2021 — 177,1 млн;
2019 — 179,4 млн.