Кыргызстандык Россияга кирүү үчүн паспортторун алмаштырган

Кыргыз жараны паспортунун маалыматтарын өзгөртүп, эки жолу Россиянын чек арасынан мыйзамсыз өткөн. Натыйжада Забайкальеде (Россия) 44 жаштагы кишиге эки жолу чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү боюнча кылмыш иши козголду.

Маалым болгондой, 2022-жылга чейин миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн ал кишинин Россияга кирүүгө уруксаты жок. Ошондуктан, ал 2018-жылдын июль айында жана 2019-жылдын сентябрь айында мекенинде өзгөртүлгөн маалыматтар менен жаңы паспорт алып, Россиянын мамлекеттик чек арасын Алтай аймагынан жана Омск аймагынан эки жолу мыйзамсыз кесип өткөн.

Кылмыш ишин тергөө Россиянын ФСБнын аймактык чек ара башкармалыгынын тергөө органы тарабынан жүргүзүлдү.

Кылмыш иши кароого Омск облусунун Исилкул шаардык сотуна жөнөтүлдү.

Добавить комментарий