Өзүн өлтүрүүгө аракет кылган адам көп кабаттуу үйдөн секирген

Ал эми Бишкекте жаш жигит өз жанын кыюу үчүн көп кабаттуу үйдөн секирип кетти. Үч саат бою ӨКМдин кызматкерлери жаш жигитти мындай кылбоого көндүрүүгө аракет кылышкан.

Бул маалыматты борбор калаанын Октябрь РИИБден тастыкташты.

Анын айтымында, ал кишини дароо тез жардам кызматы алып кеткен. 103 кызматы анын абалы боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин Бишкекте бир адам өз жанын кыюуга аракет кылып жатканы маалымдалган. Куткаруучуларга Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан имараттын сегизинчи кабатына белгисиз адам чыгып кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Добавить комментарий