Унаа айдап келем деп убада берип, акча менен жоголуп кеткен

Бишкекте  шаарында алдамчылыкка шектелген аял киши кармалды. Бул тууралуу 8 майда милиция кызматкерлери билдирди. Укук коргоо органдарына жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылган. Анын айтымында, өзүн Назира деп тааныштырган аял 2019 жылы декабрь айында чет өлкөдөн унаа айдап келип берүүнү убадалаган.  Ал арыз ээсинен 5000 доллар алып, убадасын аткарбай, акча менен качып кеткен. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча катталган.

6 майда Октябрь РИИБнин кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашкан. Шектүү 1976 жылы туулган Ж.М. болуп чыкты. Аял Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Иликтөө ошондой эле кармалган адамдын кылмыштын ушул сыяктуу башка фактыларына тиешеси бар экендигин аныктаган. Ушуга байланыштуу, укук коргоо органдары шектүү же анын иш-аракеттеринен жабыр тарткан адамдар жөнүндө 0 (705) 102-406 же 102 номурлары боюнча кабарлоону суранат.

 

Добавить комментарий