Президент Садыр Жапаров республикадагы Улуттук Курултайдын датасын жарыялады


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/08/speech-74398-1660631031-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Дата ушул жылдын 25-ноябрына белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жарандар республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды, чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын жарандары коомдун жана мамлекеттин иштерин башкарууга түздөн-түз да, өз өкүлдөрү аркылуу да катышууга укуктуу. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча, башка маанилүү маселелер боюнча жарандар кыргыздардын тарыхый салты болгон курултайларды өткөрүүгө укуктуу. Элдик курултай – коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берүүчү коомдук өкүлчүлүк, кеңеш берүүчү, байкоочу жыйын.

Кыргыз Республикасында улуттар аралык ынтымакты андан ары бекемдөө, жарандык коомду бириктирүү жана социалдык мобилизациялоого көмөктөшүү максатында, ошондой эле өлкө глобалдык жана региондук жаңы чакырыктардын жана көйгөйлөрдүн босогосунда тургандыгын эске алуу менен, аларды чечүү өз өкүлдөрү аркылуу бардык жергиликтүү жамааттардын катышуусун талап кылат, Кыргыз мамлекетин жана коомду туруктуу өнүктүрүү үчүн Кыргызстан элин түзгөн бардык улуттарды жана этносторду бириктирүү максатында жалпы улуттук диалогду камсыз кылуу зарылдыгы бышып жетилгенин моюнга алуу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинде каралган элдик курултайды түзүү зарылчылыгын эске алуу менен, Элдик Курултайдын статусун мыйзамдуу жөнгө салганга чейин мамлекеттин ички жана тышкы саясаты маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууда кызыкчылыктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн тең салмактуулугун жана жарандык биригүүнү камсыз кылууга багытталган элдик курултайды түзүү зарылдыгын эске алуу менен, ата-бабалардын каада-салттарына бекем кармануу менен этностор аралык жана диндер аралык макулдашууга жана анын өлкөнү башкарууга катышуусуна жетишүү, «жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61-беренесин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4, 7, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып токтом кылынсын:

— 2022-жылдын 25-ноябрында жума күнү биринчи Улуттук Курултай Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында чакырылсын.

— Элдик Курултайды өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин (мындан ары – Уюштуруу комитети) курамы жана Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобо ушул Жарлыктын 1, 2-тиркемелерине ылайык бекитилсин.

– Уюштуруу комитети:

1) Элдик Курултайга административдик-аймактык бирдиктерден (айылдык аймактардан жана шаарлардан), эмгек мигранттарынан, конфессиялык жамааттардан делегаттарды шайлоону уюштуруу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзөт;

2) биринчи Улуттук Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча башка зарыл чараларды көрөт;

3) кийин Элдик Курултайдын бекитүүсүнө киргизүү менен Элдик Курултайдын жобосунун долбоорун иштеп чыгат.

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы Улуттук Курултайды уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан финансылык жана башка уюштуруу-техникалык маселелерди Жогорку Кеңештин төрагасынын резервдик фондунун каражаттарынын эсебинен чечсин. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Фонду.

– Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте биринчи Элдик Курултайды даярдоого жана өткөрүүгө Уюштуруу комитетине көмөк көрсөтүшсүн.

– Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жергиликтүү курултайларда Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту сактоону камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

Бул Жарлык менен биринчи Улуттук Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы бекитилди:

– Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович – Кыргыз Республикасынын статс-катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы;

– Абдразаков Бейшенбек Токтобаевич – «Элдик курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

– Абыкеев Чолпонбек – Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, «Элдик курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси;

– Бөрүбашов Бекбосун Ишенбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, 2020-жылдагы Конституциялык жыйындын төрагасы;

– Айтиев Замирбек Каримович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин катчысы;

– Алымбаев Абдрахман (Баяс Турал) – «Элдик курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

– Арабаев Чолпонкул Исаевич – «Элдик курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

– Дүйшеев Кубанычбек Турдумамбетович – «Элдик курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

– Кошалиев Кадырали Амиракулович – «Элдик курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

– Райымкулов Билим Сардалбекович – Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

– Жунушалиев Айбек Жанышбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысы;

– Укушов Мурат Каниметович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

– Кожоев Мирбек Кокулбаевич – уюштуруу иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

– Туманбаев Каныбек Тургунбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу;

– Алимбаев Абдикарим Карбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

– Алымбаев Нурил Джайылбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

– Жамалдинов Зиядин Исламович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

– Нарбеков Бакытбек Наркулович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

– Сыргабаев Абсаттар Токтогулович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

– Сулайманов Алтынбек Турдубаевич – Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

– Эргешов Алтынбек Калдарович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

– Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович – Бишкек шаарынын мэри;

– Мамбетов Алмаз Ишенбекович – Ош шаарынын мэри.

Добавить комментарий