Кыргызстанга бүгүн COVID-19га каршы 360 дозадан ашык вакцина келди

Кыргызстан бүгүн америкалык жана кытайлык вакциналардын партиясын алды. Коронавируска каршы эмдөө үчүн дары-дармектер салынган учак «Манас» аэропортуна конду.

Маалым болгондой, бүгүн, 2021-жылдын 27-октябрында 250 миң дозадан ашык Pfizer вакцинасы жана 111 миң 600 доза Sinofarm вакцинасы келди. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Агенттик Pfizer вакциналары COVAX демилгеси аркылуу келгенин белгиледи. Бул үчүнчү партия. Вакциналар АКШ өкмөтү тарабынан берилген.

Кошумчалай кетсек, COVAX линиясы Кыргызстанга 111 миң 600 доза Sinofarm вакцинасын жана 43 800 флакон вакциналар үчүн атайын эриткичтерди жеткирди. Буга чейин өлкөгө 293 миң 200 атайын шприц келген.

Добавить комментарий