Кыргызстанда жума намазга келүүгө тыюу салынат

 

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы мечиттерде жума намазын окууга тыюу салды. Бул тууралуу муфтийдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу КМДБ жума-намазды токтотууну чечти.

“Мечиттер ачылат, бирок келгендкр санитардык нормаларды так аткарышы керек. Жума намазынын ордуна чак түштү окуу сунушталат, бирок ар бири өз алдынча”, – деп белгилейт КМДБ.

Муфтият дагы бир жолу эскертип, акыркы сапарга узатуу зыйнатына көп адамдарды чогултууга тыюу салынгандыгын эскертет.

 

Добавить комментарий