Колунда мандем барбы? Мелания Трамптын көйнөгү шылдыңга кабылды

АКШ президентинин жубайы Мелания Трамптын Конгресстин салтанаттуу кечесине кийип келген көйнөгүн мода сынчылары сынга алышканын Express басылмасы жазып чыкты.

Президент США Дональд Трамп и первая леди Мелания Трамп приветствуют гостей на Балу Конгресса в Большом Фойе Белого дома в Вашингтоне, США, 12 декабря 2019 года
© REUTERS / YURI GRIPAS
Ак үйдө Конгресстин салтанаттуу кечесине Мелания Трамп Reem Acra брендинин ак көйнөгүн кийип келген

Маалыматка ылайык, Ак үйдө Конгресстин салтанаттуу кечесине Мелания Трамп Reem Acra брендинин ак көйнөгүн кийип келген. Анын үстүнөн колун жапкан ак, узун жамынчы жаап алган. Анысы кристалл таштар менен кооздолгон.

Меланиянын образын дал ушул жамынма бузуп койгон. Мындай ойлорун мода сынчылары Twitter баракчасына жазышты.

«Салтанаттуу кечеге Мелания эмнеге халат кийип алган?!», «Эмне, ак халат кийсе эле периштеге окшошуп калам деп ойлогонбу?», «Ал жөн гана жарашыктуу пальто кийип алса болмок да, же колунда мандем барбы?» — деп жазышкан колдонуучулар.

Соцтармак колдонуучулары АКШ президентинин жубайы Мелания Трамптын кийимин биринчи жолу шылдыңга алып жаткан жок. Буга чейин ал БУУнун жыйынына кийип барган ачык күлгүн көйнөгү менен да көпчүлүктүн сынына кабылган.

Добавить комментарий