Эрдоган Бакуга жумушчу сапары менен келди

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Тоолуу Карабактагы кырдаалга байланыштуу эки күндүк сапар менен Азербайжанга кечээ келди. Бул тууралуу АзерТАдж мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Түрк лидери 10-декабрда Баку Азадлыг («Эркиндик») борбордук аянтында өтө турган Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттердин аяктагандыгына байланыштуу аскердик парадга катышуусу күтүлүүдө. Мындан тышкары, дипломатиялык булактардын айтымында, бейшемби күнү Эрдоган азербайжандык кесиптеши Ильхам Алиев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Буга чейин Түркиянын башкаруучу Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АӨП) басма сөз катчысы Омер Челик Эрдогандын Азербайжанга боло турган сапарын тарыхый деп атады. Ал Түрк мамлекетинин башчысы Баку шаарына «Азербайжандын Куралдуу күчтөрүн куттуктоо үчүн» кетерин баса белгиледи.

Эрдоган буга чейин Азербайжанга ушул жылдын 25-февралында Азербайжан-Түркия Жогорку Деңгээлдеги Стратегиялык Кызматташтык Кеңешинин сегизинчи жыйынына катышуу үчүн барган.

Карабкхтагы эскалация

Тоолуу Карабакта 27-сентябрда кырдаал курчуп, ал жерде активдүү салгылаштар башталды. Баку менен Ереван 1988-жылдын февраль айында Азербайжан ССРинин курамынан чыккандыгын жарыялагандан кийин бул аймакка ээлик кылуу маселесин талашып келишет. 1992-1994-жылдардагы куралдуу жаңжал учурунда Баку Карабакты жана ага чектеш жети регионду башкара албай калган.

9-ноябрда Россиянын Президенти Владимир Путин, Азербайжандын лидери Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Тоолуу Карабактагы согуш аракеттерин толугу менен токтотуу боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Келишимдерге ылайык, Азербайжан жана Армения тараптары ээлеген позицияларында токтоп, россиялык тынчтык күчтөрү аймакка жайгаштырылды.

 

Добавить комментарий