Эксперттер колониялардын КВИнин жаңы толкунуна даярдыгы жөнүндө айтып беришти

Чүй облусунда түзөтүү колонияларынын COVID-19 жаңы толкунуна даярдык деңгээлин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбор жана «Бир дүйнө» укук коргоо кыймылы аймактагы түзөтүү колонияларына бир катар профилактикалык иш-сапарын баштады.

Мындан тышкары, Акыйкатчы институту менен биргеликте аймактагы психоневрологиялык мекемелерге жана балдар үйлөрүнө баруу пландаштырылууда.

«Эксперттер COVID-19га байланыштуу мекемелердин жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан иш-чараларды, ошондой эле алардын коронавирустун мүмкүн болгон экинчи толкунуна даярдыгын, керектүү каражат менен камсыздоону жана күз-кыш мезгилиндеги иш-пландарды баалашат. Адам укуктарын сактоо жаатында изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин колониялардын ишинин оң жана терс жактары аныкталды, алар жазылып алынды. Жыйынтыгында мамлекеттик органдарга сунуштарды камтыган биргелешкен отчет беребиз», – деп билдиришти уюмдан.

Белгиленгендей, «Бир Дүйнө» жабык мекемелерди жана балдар үйлөрүн коронавируска каршы натыйжалуу алдын алуу жана коргоо боюнча ЖПК, дезинфекциялоочу каражаттар жана маалыматтык материалдар менен камсыз кылат.

Добавить комментарий