IBIF 2023 форумунун жыйынтыгы: Бишкекте Эмгек министрлиги менен “Иман” кайрымдуулук фондунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/03/speech-87783-1678853364-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Бишкекте “IBIF 2023” биринчи ислам инвестициялык форуму өтүп, анын жыйынтыгында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен “Иман ислам кайрымдуулук фонду” коомдук уюмунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Тараптар кайрымдуулук, гуманитардык жардам жана Кыргызстандын калкынын социалдык жактан аялуу катмарына жардам көрсөтүү жаатында өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жана кызматташууга ниеттенүүдө. Меморандумга кол коюу аземине Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жана «Иман ислам кайрымдуулук фонду» коомдук уюмунун президенти Мурад Секакмия катышты.

Эске салсак, 13-14-мартта Бишкекте Кыргызстанда биринчи жолу “IBIF 2023” Ислам инвестициялык форуму өткөн. Форумду Ислам бизнес жана инвестициялык корпорациясы (Islamic Business and Investment Corporation (IBIC)), Жогорку Кеңеш, Министрлер кабинети, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, JTA International Holding (Катар) жана Россия-Араб изилдөө жана маалымат фонду (Сауд Арабиясы) уюштурду. Форум Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык, маданий жана руханий өз ара аракеттешүүсү үчүн аянтча болуп калды.

Добавить комментарий