Депутат мектеп окуучулары хиджаб кийсе болот деп эсептейт

Жогорку Кеңештин депутаты мектеп окуучулары менен хиджаб кийген мугалимдер норма экенин айтты. Ал белгилегендей, окуучу кыздарды хиджаб кийгени үчүн четтетүү конституциялык укуктарга каршы келет.     

Конституцияда жоолукчан (хиджаб) окуучу кыздардын мектепте билим алуусуна тыюу салынган эмес. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Депутат Айбек Осмонов аймактарда жоолук салынган мектеп окуучулары диний көз карашынан улам басмырланып жатканын айтты. «Мектеп – бул билим берүү мекемеси. Кыздар диний ишенимдерине карабай билим алууга укуктуу. Бизге Токтогул, Кара-Суу аймактарынан кыздар жоолуктун айынан окуудан чыгарылганын жазышат. Мындан тышкары, жоолук салынган мугалимдер да ар кандай басмырлоого дуушар болушат», – деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты хиджабга байланыштуу мектептерден чыгарылган факты боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылды

Жогорку Кеңештин депутаты хиджабга байланыштуу мектептерден чыгарылган факты боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылды

Надира Джусупбекова министрлик жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат деп жооп берди. «Кыздар мектепке жоолук салынып барууга укуктуу. Көптөгөн мектептерди карасаңыз, жоолукчан да, жолуксуз да кыздар бир класста отурушат. Мугалимдерге да эч кандай чектөө жок», – деп кошумчалады ал.

Жогорку Кеңештин депутаты хиджабга байланыштуу мектептерден чыгарылган факты боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылды

Жогорку Кеңештин депутаты хиджабга байланыштуу мектептерден чыгарылган факты боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылды

Добавить комментарий