Дүйнөдө 10,6 миллион адам коронавируска чалдыккан

Акыркы 24 сааттын ичинде дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 216 589 адамга көбөйдү.

Дүйнөдө жалпысынан 10 миллион 667 миң 217 адам коронавируска чалдыккан. Эң көп жуккан АКШ (2 миллион 685 миң 806), Бразилия (1 миллион 448 миң 753), Россия (653 миң 479), Индия (585 миң 493), Улуу Британия (314 миң 992), Перу (288 миң 477) жана Чили (282 миң 43).

Коронавирус инфекциясы 188 мамлекетте катталган.

Коронавирусту жуктуруп алгандан кийин айыгып кеткен адамдардын саны 5,4 миллиондон ашты. Бир күндүн ичинде индикатор 127 миң 371 кишиге өскөн.

Коронавирустан каза болгондордун саны 515 миң 546га жеткен. Эртең мененки маалыматка караганда, көрсөткүч 10 миң 710 кишиге көбөйгөн. Тактап айтканда, АКШда 128 миң 62 адам, Бразилияда – 60 миң 632, Улуу Британияда – 43 миң 991, Италияда – 34 миң 788, Францияда – 29 миң 864 адам көз жумган.

Кыргызстанда коронавирус менен ооруган 6 миң 261, Казакстанда – 41 миң 65, Өзбекстанда – 8 миң 781, Тажикстанда – 6 миң 5 катталган.

Добавить комментарий