Базар-Коргондо токсон жаштагы адамды ким сабап салганы белгилүү болду

Карыяны сабоо боюнча козголгон иш боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө шектүүнүн инсандыгы аныкталды.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, жабыркаган 90 жаштагы пенсионер Аваз Кыргызбаевдин арызынын негизинде, материал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча КЖБРде катталган.

Базар-Коргон районунун милициясы жабырлануучуга ошол эле жерде жашаган алтымыш жаштагы адам кол салгандыгын билдирди.

“Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет. Алдын ала маалыматтар боюнча, Аваз Кыргызбаевдин курсагына 60 жаштагы Э.О. соккон. Ал Базар-Коргон районунун тургуну”, – деп билдирди редакцияга.

Эске салсак, 10-июлда белгисиз адамдар 90 жаштагы пенсионер Аваз Кыргызбаевди сабап кетишкен. Кол салуудан кийин ал киши ооруканага жаткырылып, операция жасалды.

Добавить комментарий