Бул окуя Казан шаарынын Ново-Савиновск аймаганда Чистопольский көчөсундогу үйлөрдүн биринде, жекшемби күнү, 1-мартта болуп өттү. 33 жаштагы келин туулган күнүнө бир канча кун калганда жети жаштык эгиз уулдарына бычак менен кол салган. Алардын бири – Аслан (аты өзгөртүлгон) ошол жерден көз жумган. Экинчиси – Тамерлан (аты өзгөртүлгон), аман калып, ал атасын жардамга чакырганга жетишет. Озу Наиля (аты-жөнү өзгөртүлгон.) Өз жашоосун кыйганга аракет кылган, бирок агы операция кылууга жетишип калышты. Учурда, ал катуу ооруп реанимацияда жатат. Тамерлан реанимаядан жалпы бөлүмгө которулду.
Кырсыкка эмне себеп болду? Наиля жана Арсен Сабировдор (аттары тергөө кызыкчылыгына байланыштуу өзгөртүлгон.), дээрлик 10 жыл турмуш суруп келе жатышкан. Сырттан караганда, дээрлик кемчиликсиз Аял-куйоо корунот. Келинчеги уулдарын багат, анын күйөөсү – бизнесмен. Жашоосу бир жетиштуу эле. эки батир, дачасы, кымбат баалуу машинасы бар уй-було болгон, ал эми акыркы жылдары уй-було идиллиясына доо кеткен. Жубайлар көп урушуп башташкан. Укук коргоо органдарынын айтымында, аялы күйөөсүно ойнош кутконуно жана балдарын алып андан баш тартаарына шектенген.
Февралдын аягында, жубайлардын ортосунда дагы бир чыр болуп өттү. Арсен Набережные Челныга иш сапары менен жөнөп кетти. Ал жерде бир нече күн болду. Ал кайтып келгенде, аялы кайрадан чыр чыгарды. Арсен бул «бороонду» куто турганы чечип, башка үйгө түнөгону кетти. Эртеси ал аялына чаклып, буюмдарын алыш учун уйго келип кетээрин билдирди. Келинчеги узак сүйлөшүүлөрдөн кийин, ага макул болду, бирок бир шарт койду – күйөөсү саат 15.00 мурда келибеши керек болчу.
Арсен шашпастан уйдо отурганда, бир заматта тел шангырады. Тамерлан калтырак баскан үнү менен аны энеси бычак менен дал белине урганын, анын абдан ооруп жатканын жана энеси мене иниси кроваттын устундо канга жаланып жатканын айтты. Ал атасын мүмкүн болушунча тезирээк келгенин отунду. Бул кабарды Арсен ишенишке албай, аялына чалат. Бирок мында дагы аппаратты Тамерлан алды.
Арсен өзүнүн батирине кыйынчылык менен кирди – кулпуда ачкыч калтырылып калган. Запкы жеген жарадар баласы ичинен эшикти ачып бере алган. Атасынын алдында абдан мыкаачылык сурот турду – өмүрдун эч кандай белгиси жок уулдарынын бири, аркасына жарадар болгон экинчи уулу жана кан жалаган жарадар аялы. Ал өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.