Кыргыз Республикасынын Президенти БУУнун Башкы катчысына өлкөдөгү көйгөйлөр жөнүндө маалымат берди

Президент Сооронбай Жээнбеков 2-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Энтони Гутерришке билдирүү жөнөттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы БУУнун Башкы катчысынын демилгесин колдоп, мүчө мамлекеттерге күчтөрдү бириктирүүгө жана коронавирустук инфекцияга каршы күрөштү каржылоо үчүн 2 миллиард долларлык глобалдык гуманитардык жардам планын ишке киргизүүгө чакырган.

Президент дүйнөдө коронавирустук инфекциянын келип чыгышына жана тез жайылышына байланыштуу түзүлгөн татаал кырдаалга көңүл бурду.

Сооронбай Жээнбеков кыргыз тарапка эпидемиянын кесепети жөнүндө маалымат берип, Кыргызстандын коронавирус менен күрөшүүдөгү кыйынчылыктары жөнүндө айтып берди.

Президент дүйнө мамлекеттери COVID-19 адамзаттын алдында турган кыйынчылыктарды ийгиликтүү жеңип чыгат деген ишенимин билдирди.

Добавить комментарий