Кыргызгидромет бейшемби, 4-августта түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Аба температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +14…+19
күндүз +28…+33
Талас облусу
түнкүсүн +11…+16
күндүз +26…+31
Баткен облусу
түнкүсүн +17…+22
күндүз +32…+37
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +17…+22
күндүз +32…+37
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +11…+16
күндүз +23…+28
Нарын облусу
түнкүсүн +8…+13
күндүз +24…+29
Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Түнкүсүн +17…+19°, күндүз +31…+33 жылуу.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Түнкүсүн +14…+16°, күндүз +23…+25° жылуу.
Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча эртеңки күнгө аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу аба ырайынын чукул өзгөрүшү тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.