Бишкектеги дүкөндөн интим товарлар уурдалып, 18 жаштагы балдар кармалды: сүрөт

Бишкектеги Панфилов көчөсүндө жайгашкан 10 миң сомдук интим товарлар уурдалып, шектүү катары 18 жаштагы балдар кармалды. Бул тууралуу ШИИББден билдиришти.

Подозреваемые в краже интим-товаров на 10 тысяч сомов в интим-магазине по улице Панфилова в Бишкеке
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ГУВД БИШКЕКА
Подозреваемые в краже магазина по улице Панфилова в Бишкеке

12-декабрь күнү борбор калаанын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал товарларды, жети миң сомду жана уюлдук аппаратты уурдап кеткендерге чара көрүүнү өтүнгөн.

Колго түшкөндөр ошол эле күнү Панфилов көчөсүндөгү имараттардын биринен 1860 сом, Nokia аппаратын, спирт ичимдиктерин жана кальянга керектүү жабдыктарды уурдаган деп шектелүүдө.

Жалпы жонунан ноябрь-декабрь айларында милиция алдамчылыкка шектелген 14 кишини колго түшүргөн.

ШИИББдин маалымат кызматы Facebook тармагындагы баракчасына эки айда 19 кылмыш иши катталганын жазып, аларга колго түшкөн шектүүлөрдүн тийиштиги болушу мүмкүндүгүн болжоду.

Добавить комментарий