Камакка алынган инспектор кыйноого даттанды

Караколдо УКМК имаратында Түп райондук Ички Иштер Болумунун кызматкери токмокко кабылган. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбору 17- мартта билдирди.

 

16-мартта Улуттук борборго СИЗО-3 да отурган, Түп райондук Ички Иштер Болумунун кызматкерине арыз түшкөн.  Өтүнмө ээсинин айтымында, ал УКМКнын имаратында токмокко дуушар болгон.

 

«Ошондой эле аны (Банги зат каражаттарын, психотроптук жана аларга окшош заттарды мыйзамсыз сатуу максатында өндүрүү) деген Кылмыш Кодексинин 2 бөлүгүнүн 267-беренеси боюнча мыйзамсыз отургузушкан” деп айткан. Бул иш-аракеттери УКМК кызматкерлери тарабынан ар кандай коркутуулар жана психологиялык басым менен коштолгон», – деп Улуттук борбор билдирди.

 

Д.А. бетинде канталап көгөргөн жер бар, сол көз шишиги жана кашынын устундо өлчөмү 1,5 см болгон жаракат бар.

 

Анын айтымында, сот учурунда, ага бөгөт коюу чараларын шайлан учурда, ал Улуттук коопсуздук комитетине айрым кызматкерлеринин иш-аракеттери боюнча прокурорго жазган. Жолугушуу учурунда аны кызматтар тарабынан сабоо тууралуу билдирилген.

«Аны СИЗО абагына алууда  аны урганы боюнча расмий акт түзүү жазылган жана ага түрмө кызматкерлери жана Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан кол коюлган. Актыда 5 кол коюлган, – деп Улуттук борбор билдирди.

 

Улуттук борбордо атап кеткендей, 

Ал иш менен тккнышууда, протоколдо акттын медициналык коргозмосу жок болгон. Түрмө кызматкерлеринин сөзү боюнча, медициналык коргозмо документин 16-мартта УКМК кызматкерлери жеткирип бериши керек болчу.

 

Улуттук борбор, полиция кызматкеринин арыз Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин борбордук аппаратынын Башкы прокуратурасына иликтөө жүргүзүү үчүн жиберилиши керек деп эсептейт. «кыйноолор боюнча кылмышты, УКМК иликтейт», – деп, алар эске салды.

Добавить комментарий