Италия коронавирустан айыгууда

Италияда коронавирустан айыккан адамдардын саны 2099 адамга чейин рекорддук деңгээлге жетти, деп билдирди Жарандык коргонуу департаментинин башчысы Анжело Борелли.

Салыштыруу үчүн: кечээ ооруну жеңген адамдардын саны 1555 адам болду.

Акыркы кабарларга караганда, бир күндө пандемиядан 542 адам көз жумган. Бул көрсөткүч дагы деле бийик болгонуна карабастан, инфекциянын ийри сызыгы акыры төмөндөп кеткендигин көрсөтүп турат.

Эске сала кетсек! Буга чейин Россия Италияга гуманитардык жардам менен 15 учак жөнөткөн, ошондой эле вирусологдорду жиберген.

Добавить комментарий