Бишкектеги рейддер: Инспекция кароосуз калган балдарды издеп жатат

Бишкек шаарынын сейил бактарында, скверлеринде жана көчөлөрүндө кароосуз калган жана окууну калтырган балдарды издөө боюнча рейддер күчөтүлдү.

Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, айрым өспүрүмдөр мектепте окутуу аралык форматта өткөнүн пайдаланып, сабактарга катышпай, базарларда, унаа жуучу жайларда, коомдук тамактануу жайларында жана башка жерлерде иштешет.

«Биринчи Май Акимиаты Ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жана Социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү менен биргеликте районду карап чыгышты. Бактыга жараша, биз бир дагы көчөдө  кароосуз калган баланы же иштеген өспүрүмдү тапкан жокпуз. Бирок балдарды коргоо боюнча рейддер уланууда», – деп кошумчалашты мэриядан.

Муниципалитет үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмдөрүнүн телефон номурларын эскертти, балдардын зордук-зомбулугуна күбө болгон же кайыр сураган балдарды көргөн шаардыктар төмөнкү номерлерге чалса болот:

  • Октябрь району: 0312510375, 0772637987 – Назгүл Солтонбаева;
  • Ленин району: 0312883899, 0502021404 – Нуриза Сталбекова;
  • Свердлов району: 0312530576, 0706821676 – Тамара Акжолтоева;
  • Биринчи Май району: 0312670386, 0553225905 – Айбек Бекетаев.

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишеним телефонунун номери – 111. Мындан тышкары, милицияга 102 номери аркылуу кайрылсаңыз болот.

Добавить комментарий